Бишкекте №3 мектептин кошумча окуу корпусунун курулушу жүрүп жатат

Бишкекте №3 мектептин кошумча окуу корпусунун курулушу жүрүп жатат

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан 5-кичирайондо жайгашкан №3 орто мектептин кошумча окуу корпусунун курулуш иштери улантылууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жаңы окуу корпусу 500 окуучуга ылайыкталып, үч кабаттуу жана жер төлөсү менен Т-түрүндөгү формада курулуп жатат. Долбоордун негизги максаты — окуучулар үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле мектептин негизги имаратына түшкөн жүктү азайтуу болуп саналат.

Жаңы имаратта окуу класстары, спорт зал, актовый зал, ашкана, медициналык кабинет, директор жана завучтардын кабинеттери, мугалимдер бөлмөсү, музыка жана ырдоо кабинети, жуунуучу бөлмөлөр жана санитардык түйүндөр жайгашат.

Ал эми жер төлө бөлүгүндө техникалык жайлар каралып, анда жылуулук түйүнү, насос станциясы, желдетүү системасы, электр бөлүштүрүүчү бөлмө жана кампалар орун алат.

Мындан тышкары, долбоордун алкагында мектептин аймагын комплекстүү көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт. Атап айтканда, мини-футбол аянтчасы, волейбол жана баскетбол аянтчалары, воркаут зонасы, 100 метрлик чуркоо тилкеси жана жашыл аймактар курулат.

Учурда объектте фасаддык жана ички жасалгалоо иштери жүрүп, желдетүү системасы орнотулууда. Ошондой эле мектептин аймагын көрктөндүрүү иштери да аткарылып жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн