Жалал-Абадда курулуш талаптарын бузган компанияга айып пул салынды

Жалал-Абадда курулуш талаптарын бузган компанияга айып пул салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы тарабынан аймактагы курулуш объектилерин текшерүү иштери уланууда.

Ведомствонун маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарындагы Пионер көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайда курулуш талаптары жана техникалык регламенттер толук сакталбаганы аныкталган.

Аталган мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү акт түзүлүп, кемчиликтерди белгиленген мөөнөттө жоюу тууралуу жазуу түрүндө эскертүү берилди.

Мындан тышкары, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Вавилон Маркет” ЖЧКсына карата административдик чара көрүлүп, айып пул салынды.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш жүргүзгөн жарандарды жана компанияларды уруксат берүүчү документтерди алдын ала толук тариздөөгө жана курулуш ченемдерин так сактоого чакырды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Японияда депутатка шаардык кеңештин жыйындарына беткап менен катышууга уруксат берилди

Нарын шаарында жылуулук берүү 30 откана аркылуу жүргүзүлүүдө

Касымалиев COP31 алкагындагы Лидерлердин саммитинин ачылышына катышты

Кыргыз-өзбек айыл чарба министрлери кызматташуу боюнча сүйлөшүштү

Өз графиги жана маршруту: курьердин бир күнү