Бишкектеги №91 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулууда

Бишкектеги №91 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулууда

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Бишкек шаарынын Кара-Жыгач конушундагы №91 мектепке кошумча окуу корпусу салынып жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, курулуш иштери быйыл март айында башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Долбоор боюнча жалпы аянты 8234 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу имарат курулат.

Жаңы корпуста заманбап окуу класстары, китепкана, ашкана, лаборатория, компьютердик кабинет, жыйындар залы жана спорт зал жайгашат. Учурда объектте үчүнчү кабаттын колонналарын орнотуу иштери жүрүүдө.

Курулуш аяктагандан кийин мектеп эки нөөмөт менен 2000ге жакын окуучуну кабыл алууга мүмкүнчүлүк алат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улуттук банк төлөм уюмуна айып пул салды

Айыл чарба министрлигинде 1000 күндүк планды ишке ашыруу маселелери боюнча кеңешме өттү

Быйыл 10 айда мамлекеттик бюджетке 669,6 миллиард сом киреше түштү

Корумду – Балбай баатыр жолунун курулушу 91%га аяктады

Эмгек кодексине өзгөртүү киргизилди