Караколдогу Пушкин атындагы эс алуу багы жаңыланууда

Караколдогу Пушкин атындагы эс алуу багы жаңыланууда

Курулуш министрлигинин алдындагы “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан Каракол шаарындагы А.С. Пушкин атындагы 7,5 гектар болгон эс алуу багы жаңыланууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңылоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, быйылкы жылдын февраль айында башталган. Учурда аймакта тамактануу жайларынын курулушу жүрүп жатат.

Долбоордун алкагында паркка 12 жаңы аттракцион, кичи тамактануучу жайлар, лабиринт жана оргумалар орнотулат. Ошондой эле шахмат жана баскетбол аянтчалары салынып, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Реконструкция иштерин “РБН Азамат групп” ЖЧКсы аткарууда.

Мындан тышкары окуңуз

Каракол шаарындагы чоң көчөлөрдүн бири оңдолот

Каракол шаарындагы чоң көчөлөрдүн бири оңдолот

Каракол шаарындагы негизги көчөлөрүнүн бири болгон Алышбаев  көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Каракол шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдаады. Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында Алышбаев көчөсү Карасаев көчөсүнөн баштап Чечерин көчөсүнө чейинки аралыгында узундугу 1 чакырым метр болгон жаңы эки тилкелүү асфальт жол курулат. Мындан тышкары, көчөнүн эки тарабына

Бишкек – Кант –Токмок жолуна асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө

Бишкек – Кант –Токмок жолуна асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө

Бишкек – Кант – Токмок унаа жолуна асфальт басуу уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда аталган унаа жолдо асфальттын экинчи  катмарын төшөө иштери кызуу жүрүп, 2 чакырымына асфальт басылып бүттү.  Аны менен катар Лермонтов көчөсүнөн баштап, Калинин көчөсүн көздөй ортодогу тосмолор орнотулуп жана жарыктандыруу мамычалары

Адал-индустриянын талаптарын бузгандарга айып пул салынат

Адал-индустриянын талаптарын бузгандарга айып пул салынат

Президент Садыр Жапаров «Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Жаңы мыйзамга ылайык, адал өндүрүмдөрдү жана адал кызматтарды өндүрүү, сактоо, ташуу, сертификаттоо жана жүгүртүү боюнча талаптарды бузгандарга административдик жоопкерчилик киргизилди. Ага ылайык, жеке жактарга 7 500 сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып пул каралган. Ал эми

Наталья Никитенко жаңы кызматка дайындалды

Наталья Никитенко жаңы кызматка дайындалды

Наталья Никитенко Жогорку Кеңешке караштуу “Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору” мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды.  Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, тиешелүү тескемеге парламент төрагасы Марлен Маматалиев кол койду. Белгилей кетсек, Наталья Никитенко V жана VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Ошондой эле төраганын орун басарлык милдетин дагы аткарган.