Кыргызстанда акыркы 3 жылда 55 бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды

Кыргызстанда акыркы 3 жылда 55 бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов органдардын донорлугу жана трансплантациясы боюнча эл аралык симпозиумга катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага 10дон ашуун өлкөнүн окумуштуулары жана дарыгерлери чогулду.

Улан Маматканов өз сөзүндө трансплантология тармагын өнүктүрүү заманбап технологиялардын жана эл аралык тажрыйбанын негизинде адамдардын өмүрүн сактап калууга чоң мүмкүнчүлүк түзүп жатканын белгиледи.

Ал акыркы жылдары саламаттыкты сактоо тармагын каржылоо кыйла көбөйгөнүн айтып, 2021-жылы бул тармакка 21,5 миллиард сом бөлүнсө, 2025-жылы сумма 52 миллиард сомго жеткенин билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы үч жылда республикалык бюджеттин эсебинен 55 бөйрөк алмаштыруу операциясы жана 3 боор трансплантациясы жасалган. Ошондой эле 2024-жылы Кыргызстанда биринчи жолу жилик чучугун алмаштыруу операциясы ийгиликтүү өткөн.

Симпозиумдун жүрүшүндө бөйрөк, боор жана жүрөк трансплантациясынын заманбап ыкмалары, донордук, инфекциялык коопсуздук жана медициналык кадрларды даярдоо маселелери талкууланды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Котловандан батирлерин жарнамалаган компаниянын иши токтотулду

Соң-Көлдөн 500 метр синтетикалык тор чыгарылды

DemirBankтан 100 000 сомго чейинки кэшбек менен ипотека

РФнын 8 аймагында мигранттарга таксист болуп иштөөгө чектөө киргизүү пландалууда

Ошто мыйзамсыз аңчылык кылган жаран 10 миң сом айыпка жыгылды