Ысык-Көлдө гилас бактарына феромондук тузакчалар орнотулду
Ысык-Көл районунда гилас бактарындагы зыянкечтерди өз убагында аныктоо жана алардын жайылышын алдын алуу максатында фитосанитардык мониторинг иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Анын алкагында гилас чымынына каршы феромондук тузакчалар орнотулду. Адистердин айтымында, мындай тузакчалар зыянкечтердин учуу мезгилин аныктоого, алардын санын көзөмөлдөөгө жана коргоо чараларын өз убагында көрүүгө жардам берет.
Бул иштер айыл чарба өсүмдүктөрүнүн фитосанитардык абалын көзөмөлдөө, түшүмдүн сапатын сактоо жана экспорттук потенциалды жогорулатуу максатында жүргүзүлүүдө.

