Кыргызстанда 232 мал чарба субъектине асыл тукум макамы ыйгарылды

Кыргызстанда 232 мал чарба субъектине асыл тукум макамы ыйгарылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин 2026-жылдын 7-апрелиндеги буйругунун негизинде өлкө боюнча 232 мал чарба субъектине асыл тукум макамы ыйгарылды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Анын ичинде 97 кой чарбасы, 5 эчки чарбасы, 84 ири мүйүздүү мал чарбасы, 40 жылкы чарбасы, 3 топоз чарбасы, 4 канаттуулар чарбасы жана 4 аары чарбасы бар.

Маалыматка ылайык, асыл тукум субъекттерине тиешелүү күбөлүктөр даярдалып, Чүй облусундагы чарбаларга министрдин орун басары М.И. Дүйшеев тарабынан салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Министрликтен белгилешкендей, акыркы жылдары мал чарбасын өнүктүрүү жана асыл тукум иштеринин сапатын жогорулатуу багытында системалуу иштер жүргүзүлүүдө. Натыйжада асыл тукум макамын алган чарбалардын саны көбөйүп, тармактын өндүрүмдүүлүгүн жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн арттырууга шарт түзүлүп жатат.

Ошондой эле мындай иштер фермерлерди колдоого жана ата мекендик асыл тукум чарбаларды өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам экени белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн