Манастагы спорт мектебин оңдоодо 7 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Манастагы спорт мектебин оңдоодо 7 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Манас шаарындагы Регионалдык олимпиадалык резерв мектебин реконструкциялоо иштеринде коррупциялык фактылар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында оңдоо-курулуш иштерин жүргүзүүдө жана кошумча инфраструктураларды курууда мамлекетке 7 млн 288 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилгени белгилүү болгон.

Тергөөнүн версиясы боюнча, билим берүү мекемесинин жооптуу кызматкерлери подряддык уюмдар менен сүйлөшүп алып, мектептин инфраструктурасын жакшыртуу үчүн Президенттик фонддон бөлүнгөн каражаттын бир бөлүгүн мыйзамсыз өздөштүрүп алышкан.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, техникалык көзөмөл боюнча адис К.К.М. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан кылмыш ишине тиешеси бар адамдарды аныктоо жана бардык жагдайларды тактоо боюнча тергөө иштери улантылууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Быйыл 10 айда мамлекеттик бюджетке 669,6 миллиард сом киреше түштү

Корумду – Балбай баатыр жолунун курулушу 91%га аяктады

Эмгек кодексине өзгөртүү киргизилди

Бишкекте коомдук дааратканалар үчүн 16 жер аукционго коюлду

Баткен жана Брест облустары кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын бекитишти