Жол кыймылынын эрежелерин так сактоо талабы эскертилүүдө

Жол кыймылынын эрежелерин так сактоо талабы эскертилүүдө

Милициянын кайгуул-күзөт кызмат полкунун кызматкерлери Бишкек шаарында жеке жүрүү каражаттарын пайдалануучулар арасында алдын алуу иш-чараларды өткөрүүдө. Ага ылайык, Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери борбор калаанын аймагында электр чыгырыгы, велосипед, мотоцикл жана башка ушул сыяктуу жеке жүрүү каражаттарын пайдаланган жарандар арасында профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүдө.

Бишкек шаардык ИИББнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында милиция кызматкерлери - жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүшүүдө.

Тактап айтканда, жарандарга жол кыймылынын эрежелерин так сактоо; жөө адамдар өтүүчү тилкелерден өтүүдө транспорт каражатынан түшүү; тротуарлардын атайын бөлүнгөн тилкелери менен гана жүрүү керектиги эскертилүүдө.

Мындан тышкары, эреже бузууга жол берген айрым жарандарга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 190-беренесине ылайык административдик протоколдор түзүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Антимонополия кызматы күйүүчү май ташыган компаниялар менен келишим түздү

Антимонополия кызматы күйүүчү май ташыган компаниялар менен келишим түздү

Монополияны жөнгө салуу кызматы күйүүчү май ташыган компаниялар менен күйүүчү майдын  баасын турукташтырууга багытталган макулдашууга кол койду. Монополия кызматынын маалыматына ылайык, документтин негизги максаты  – өлкөнү АИ-92 бензини, дизель майы жана автогаз менен туруктуу камсыз кылуу, ошондой эле күйүүчү майдын негизсиз кымбатташына жол бербөө. Аталган кызмат макулдашуунун аткарылышын көзөмөлдөп, өлкөдөгү

Кыргызстанда жашыл лизингди өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюлду

Кыргызстанда жашыл лизингди өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюлду

Мамлекеттик лизинг компаниясы менен Кыргыз Республикасынын Жашыл каржылоо фонду кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, компаниянын маалыматына ылайык, документ жашыл лизинг инструменттерин өнүктүрүүгө, ошондой эле бизнес үчүн заманбап каржылык чечимдердин жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган. Меморандумга Мамлекеттик лизинг компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Амантур Өмүров жана

Кар көчкү корунучу жогору тилкелерде илимий изилдөө жүргүзүлдү

Кар көчкү корунучу жогору тилкелерде илимий изилдөө жүргүзүлдү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматынын Кар көчкү бөлүмүнүн адистери Балыкчы – Казарман – Манас унаа жолунун 326–349-чакырымдарындагы кар көчкү коркунучу жогору болгон тилкелерде талаа изилдөө иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка таянсак, изилдөөнүн негизги максаты жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу жана кар көчкүдөн коргоочу галереяларды куруу боюнча илимий негизделген

Адылбек Касымалиев Ысык-Көлдөгү бир катар объектилерди текшерди

Адылбек Касымалиев Ысык-Көлдөгү бир катар объектилерди текшерди

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында эл аралык иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүлүп жаткан бир катар инфраструктуралык, туристтик, маданий жана спорттук объектилердин даярдыгынын жүрүшүн текшерди.Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасы “Ысык-Көл” эл аралык аэропортуна барып,