Араванда 200 орундуу заманбап мектеп курулууда

Араванда 200 орундуу заманбап мектеп курулууда

Ош облусунун Араван районундагы чек арага чектеш жайгашкан Жар-Кыштак айылында 200 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Объекттин курулушу 2025-жылдын декабрь айында башталган. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, анын жалпы наркы 137,5 млн сомду түзөт.

Долбоорго ылайык, мектеп эки кабаттуу болуп салынат. Анда заманбап окуу класстары менен катар лабораториялар, эмгек кабинеттер, китепкана, ашкана, жыйындар залы жана бардык талаптарга жооп берген спорт зал каралган. Имараттын жалпы аянты 2008 чарчы метрди түзөт.

Учурда курулуш-монтаждоо иштеринин 35%ы аяктады.

Белгиленгендей, курулуш иштеринин ар бир этабы Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүп, техникалык текшерүүдөн өткөрүлүп жатат.

Жаңы билим берүү мекемеси аймактагы балдардын сапаттуу билим алышына шарт түзүп, чек арага жакын жайгашкан айылдардын социалдык инфраструктурасын жакшыртууга өбөлгө болот.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Быйыл 10 айда мамлекеттик бюджетке 669,6 миллиард сом киреше түштү

Корумду – Балбай баатыр жолунун курулушу 91%га аяктады

Эмгек кодексине өзгөртүү киргизилди

Бишкекте коомдук дааратканалар үчүн 16 жер аукционго коюлду

Баткен жана Брест облустары кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын бекитишти