Базар-Коргондо канал оңдолуп, дыйкандарга суу бериле баштады

Базар-Коргондо канал оңдолуп, дыйкандарга суу бериле баштады

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Базар-Коргон райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан Беш-Бадам каналында жүргүзүлүп келген бетон-плотно төшөө иштери быйылкы планга ылайык толугу менен аяктады.

Ведомстводон билдиришкендей, учурда канал аркылуу сугат суусу этап-этабы менен бөлүштүрүлүп, дыйкандарга суу берүү иштери башталды.

Аталган иштердин натыйжасында суунун жоготуусу азайып, сугат суусунун үзгүлтүксүз жана натыйжалуу жеткирилишине шарт түзүлдү. Бул өз кезегинде аймактагы айыл чарба өндүрүшүнүн туруктуу өнүгүшүнө жана дыйкандардын түшүмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Министрлик тарабынан өлкө аймагындагы ирригациялык инфраструктураны жакшыртуу жана сууну үнөмдүү пайдалануу багытындагы иштер улантылууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Быйыл 10 айда мамлекеттик бюджетке 669,6 миллиард сом киреше түштү

Корумду – Балбай баатыр жолунун курулушу 91%га аяктады

Эмгек кодексине өзгөртүү киргизилди

Бишкекте коомдук дааратканалар үчүн 16 жер аукционго коюлду

Баткен жана Брест облустары кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын бекитишти