Кемин мал базарында документи жок ондогон мал артка кайтарылды

Кемин мал базарында документи жок ондогон мал артка кайтарылды

Чүй облусунун Кемин районундагы мал базарда жүргүзүлгөн мониторинг учурунда бодо малдын 30 пайызынын, ал эми кой-эчкинин 60%ынын кулагындагы биркасы жана коштоочу документтери жок экени аныкталды. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча регионалдык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Мухамед Дуванаев билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-майда өткөрүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө базарга чыгарылган малдын биркалары, чиптери жана коштоочу документтери текшерилип, мал базардын ветеринардык-санитардык абалы көзөмөлгө алынды.

Маалыматка ылайык, учурда Кемин мал базарына Чүй облусунан тышкары Нарын жана Ысык-Көл облустарынан да мал алып келинет. Бүгүнкү күндө базарга болжол менен 1000 баш жылкы, 1000ге жакын бодо мал жана 3000ден ашуун кой-эчки чыгарылган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында биркасы жана тиешелүү документтери жок болгондуктан 20га жакын мал базарга киргизилбей, артка кайтарылды.

Адистердин айтымында, базардын санитардык абалы талаптарга жооп берет. Ошол эле учурда республикадагы бардык мал базарларда күтүүсүз мониторингдер мындан ары да улантылары белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн