Кыргызстанда 1 831 күнөскана чарбасы иштеп жатат

Кыргызстанда 1 831 күнөскана чарбасы иштеп жатат

2026-жылга карата Кыргызстанда жалпы аянты 298,1 гектарды түзгөн 1831 күнөскана чарбасы иш алып барууда. Өлкөдө күнөскана сектору өзгөчө түштүк аймактарда активдүү өнүгүп жатканы байкалат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күнөсканалардын саны боюнча Жалал-Абад облусу алдыңкы орунда турат. Аймакта жалпы аянты 120 гектарды түзгөн 805 күнөскана чарбасы иштейт. Ош облусунда болсо 53 гектар аянттагы 390 күнөскана катталган.

Чүй облусунда жалпы аянты 81,1 гектар болгон 311 күнөскана иштеп, технологиялык жактан өнүккөн жана ири чарбалардын үлүшү жогору бойдон калууда. Баткен облусунда 19 гектар аянттагы 186 күнөскана чарбасы бар.

Мындан тышкары, Ысык-Көл облусунда 82 күнөскана 8 гектар аянтта иш алып барса, Нарын облусунда 12 гектар аянттагы 40 күнөскана, Талас облусунда 5 гектарды түзгөн 17 күнөскана чарбасы катталган.

Адистер белгилегендей, салкын мезгилде күнөсканаларды жылытууда негизги энергия булагы катары көмүр кеңири колдонулат. Учурда чарбалардын 85%га жакыны көмүр менен жылытылат. Негизинен Кара-Кечке кенинин көмүрү жана Казакстандан импорттолгон көмүр пайдаланылууда.

Ал эми электр энергиясы сугаруу, желдетүү жана насос жабдуулары үчүн колдонулуп, чарбалардын 8%ында пайдаланылат. Жаратылыш газы болсо инфраструктуралык чектөөлөргө байланыштуу 6%га жакын чарбаларда гана колдонулууда.

Жалпысынан Кыргызстанда күнөскана сектору жылдан жылга өнүгүп, заманбап технологияларды колдонгон чарбалардын саны акырындык менен көбөйүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн