Миң-Кушту туризм аркылуу өнүктүрүү маселеси көтөрүлдү

Миң-Кушту туризм аркылуу өнүктүрүү маселеси көтөрүлдү

Нарын облусунун Жумгал районунда “Миң-Куш айылын туруктуу туризм аркылуу өнүктүрүү — Унутулган шаарларды жандандыруу” аталышындагы форум болуп өттү. Бул тууралуу Президенттин администрациясынан билдиришти.

Иш-чара 2023–2027-жылдарга карата Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгынын алкагында уюштурулду.

Форум Миң-Кушту жаңы туристтик багыт катары таанытуу жана Жумгал районунун туруктуу өнүгүүсүн талкуулоо үчүн маанилүү аянтча болду.

Пленардык жыйындарда жана панелдик талкууларда Миң-Куштун туристтик, жаратылыш, тарыхый-маданий жана гастрономиялык мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Президенттин Тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова бүгүнкү күндө Миң-Куш тургундар жана коноктор үчүн толугу менен коопсуз экенин белгилеп, аймакта жашыл экономика, айыл чарба жана туризмди өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтты.

Форумдун алкагында уран калдыктары жайгашкан аймактардагы калктуу конуштардын кызматташтыгын өнүктүрүүгө арналган өзүнчө тегерек стол да уюштурулду.

Катышуучулар уран калдыктары бар аймактарды Кыргызстандын жашыл экономикасынын жана туризм тармагынын жаңы өсүү чекиттерине айландыруу боюнча мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана жергиликтүү жамааттардын биргелешкен аракеттеринин маанилүүлүгүн белгилешти.

Форумга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эл аралык уюмдар, туризм тармагынын өкүлдөрү, жарандык коом жана өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген катышуучулар катышты.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн