ӨКМ сел коркунучу боюнча шашылыш эскертүү таратты
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 25-28-май күндөрү өлкө аймагында сел жүрүү коркунучу жогору экенин эскертти.
Маалыматка ылайык, аба ырайынын туруксуздугу жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо жана тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөрү айтылды.
ӨКМ жарандарды этият болууга чакырып, өзгөчө алыскы аймактарда жана жол жүрүүдө коопсуздук чараларын сактоону эскертти.
Мындан тышкары, сел жүрүү коркунучу бар аймактарда жашаган тургундарга арыктарды тазалап, кооптуу жерлерде мал-жанды жана унааларды калтырбоо сунушталды.