Бишкекте ШКУ саммитине карата рейддик текшерүүлөр күчөтүлдү

Бишкекте ШКУ саммитине карата рейддик текшерүүлөр күчөтүлдү

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алдыдагы саммитине карата даярдык иштерин улантууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Анын алкагында Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы №201 муниципалдык аймактык башкармалык менен биргеликте борбор калаада рейддик иш-чараларды өткөрүүдө.

Рейддердин негизги максаты — шаардагы көрктөндүрүү эрежелеринин сакталышын текшерүү, мыйзамсыз курулуштарды аныктоо жана көчөлөрдүн эстетикалык көрүнүшүн бузган объектилерге бөгөт коюу.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү бир катар үйлөрдүн тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Адистер фасаддардын тазалыгын сактоо, муниципалдык жерлерди мыйзамсыз ээлебөө жана үй жанындагы аймактарды шаар куруу талаптарына ылайык келтирүү боюнча эскертүүлөрдү беришти.

Ошондой эле шаар аймагында мыйзамсыз кошумча курулуштарды орнотууга, санитардык талаптарды бузууга жана коомдук аймактарды ирээтсиз пайдаланууга жол берилбей турганы белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Балдардын баасы 5.0: курьерлер жана айдоочулар Family Day майрамын белгилешти

Балдардын баасы 5.0: курьерлер жана айдоочулар Family Day майрамын белгилешти

Июндун ишемби күнү, Бишкектин Дордой стадионун таңы балдардын жандуу күлкүсү менен башталды. Адатта, бул адамдар бири-бирин үстүртөн карап, жолдун кесилишинде унаанын арткы күзгүсүнөн же шаардык кафелерде буйрутма алып кетүүгө келгенде, ар бир мүнөт кымбат кезде көрүшөт. Бирок бул күнү айдоочу, курьер жана “Яндекс Кыргызстандын” кызматкерлери өздөрүн ата-эне, күйөө

Батумиде шайлоодогу маалыматтык коопсуздук маселелери каралууда

Батумиде шайлоодогу маалыматтык коопсуздук маселелери каралууда

17–18-июнь күндөрү Грузиянын Батуми шаарында шайлоону башкаруу органдарынын жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн шайлоо органдарынын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын адистери катышууда. Кыргызстандан БШКнын басма сөз катчысы Наргиза Мансурова-Ябута жана эл аралык кызматташтык жана шайлоо процессинин катышуучулары

Караколдогу сейил бак оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Караколдогу сейил бак оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарындагы 100 жылдык тарыхы бар А.Пушкин атындагы борбордук сейил бакты оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жалпы аянты 7,5 гектарды

Нарында саркынды суу тазалоо жайынын курулушу башталды

Нарында саркынды суу тазалоо жайынын курулушу башталды

“Нарын шаарында таза суу менен камсыздоо жана канализация системасын ишке ашыруу” долбоорунун II фазасынын алкагында жаңы саркынды суу тазалоо жайынын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Нарын шаары үчүн өзгөчө маанилүү санитардык-экологиялык мыкты шарт түзүүчү обьектинин курулушун баштоо салтанатына Министрлер Кабинетинин Төрагасынын