Быйыл өлкө боюнча каналдарга 657 миң чарчы метр бетон полотно төшөлөт

Быйыл өлкө боюнча каналдарга 657 миң чарчы метр бетон полотно төшөлөт

Өлкө боюнча ирригациялык каналдарга бетон полотно төшөө иштерин активдүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Министрликтин маалыматына ылайык, 2025-жылы бул багытка республикалык бюджеттен 883,2 млн сом бөлүнгөн. Анын эсебинен жалпы аянты 342,57 миң чарчы метр болгон бетон полотно сатып алынып, 27,6 чакырым каналга 148,4 миң чарчы метр бетон жайылмасы төшөлгөн.

Ал эми 2026-жылы республика боюнча 657,4 миң чарчы метр бетон полотно төшөө пландалууда.

Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча жалпы 107,4 миң чарчы метр бетон жайылмасы 21,9 чакырым аралыктагы каналдарга төшөлдү.

Аймактар боюнча көрсөткүчтөр төмөнкүдөй:

  • Баткен облусунда — 7 миң чарчы метрден ашык бетон полотно 3,5 чакырым каналга;
  • Ош облусунда — 16 миң чарчы метр 3,4 чакырымга;
  • Жалал-Абад облусунда — 19,5 миң чарчы метр 3,88 чакырымга;
  • Нарын облусунда — 6,9 миң чарчы метр 1,1 чакырымга;
  • Талас облусунда — 11 миң чарчы метр 1,78 чакырымга;
  • Ысык-Көл облусунда — 3,6 миң чарчы метр 0,9 чакырымга;
  • Чүй облусунда — 43,2 миң чарчы метр 7,3 чакырым каналга төшөлдү.
Министрлик белгилегендей, бетон полотно төшөө суунун коромжусун азайтып, ирригациялык системалардын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Гепатитти дарылоого 492 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн

Гепатитти дарылоого 492 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн

Кыргызстанда быйылкы жылдын алты айында 1 миллиондон ашуун адам гепатиттин вирустук В түрүнө каршы эмдөө алды. Алардын ичинен биринчи дозасы 446 319, экинчи дозасы 358 159, үчүнчү дозасы 250 534 адамга сайылган. Бул тууралуу Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору билдирди. Маалыматка таянсак,

Данияр Амангелдиев: Өкмөт чара көрбөсө, күйүүчү майдын баасы 140 сомдон ашмак

Данияр Амангелдиев: Өкмөт чара көрбөсө, күйүүчү майдын баасы 140 сомдон ашмак

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев дүйнөлүк рынокто күйүүчү майдын кымбатташы Кыргызстандагы баага да таасир эткенин билдирди. Бул тууралу ал "Биринчи радионун” эфиринде билдирди. Амангелдиевдин айтымына караганда, акыркы эки айда бензиндин дүйнөлүк баасы дээрлик эки эсеге өсүп, бир тоннасы 860 доллардан 1700 долларга жеткен. Эгер өкмөт бааны

АИ-95 күйүүчү майынын тартыштыгы боюнча түшүндүрмө берилди

АИ-95 күйүүчү майынын тартыштыгы боюнча түшүндүрмө берилди

AИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин тартыштыгы орусиялык компаниялар тарабынан киргизилген жеткирүү чектөөлөрүнө байланыштуу. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын адиси Лариса Шустикова “Биринчи”радионун" эфиринде билдирди. "Орусиялык компаниялар бул жерде иштеген өздөрүнүн ишканаларына АИ-95 бензинди жеткирүүнү чектешти. Ошол эле учурда, үч ири мунай ишканалары ишин улантып, запастарга

Бишкектеги Ататүрк сейил багы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

Бишкектеги Ататүрк сейил багы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Ататүрк сейил багынын аймагын кыдырып чыгып, оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Ошондой эле подряддык уюмга жана тиешелүү шаардык кызматтарга калган иштерди аягына чыгаруу жана объектти мындан ары талапка ылайык жасоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө объектти оңдоп-