ИФАД Кыргызстандагы мал чарба долбоорлорун колдоону күчөтөт

ИФАД Кыргызстандагы мал чарба долбоорлорун колдоону күчөтөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде министрдин биринчи орун басары Марсбек уулу Илич жана министрдин орун басары Мирбек Дуйшеев Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фондунун (ИФАД) өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушууга ИФАДдын Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка, Европа жана Борбор Азия боюнча регионалдык директору Науфель Телахиг жана уюмдун Кыргызстандагы директору Лаура Маттиоли катышты.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен ИФАДдын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулашты.

Өзгөчө көңүл ишке ашырылып жаткан айыл чарба долбоорлоруна жана жаңы демилгелерге бурулду. Алардын катарында “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү – III” долбоору, ошондой эле жайыттардын туруктуулугун жогорулатууга жана айыл аймактарын өнүктүрүүгө багытталган “АЛАТОО” долбоору бар.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого жана кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто балдардын өлүмүнүн санын азайтуу боюнча жыйын болду

Ошто балдардын өлүмүнүн санын азайтуу боюнча жыйын болду

Ош облусунда ымыркайлардын жана балдардын өлүмүн азайтуу маселелери боюнча штабдын жыйыны өтүп, ага Ош облусу боюнча саламаттык сактоо боюнча координатор Конуш Сакмаматов жана облустук саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери катышты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо  министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, балдардын өлүмүнүн учурдагы абалы, анын негизги себептери жана балдарга көрсөтүлүүчү

Каракол шаарындагы чоң көчөлөрдүн бири оңдолот

Каракол шаарындагы чоң көчөлөрдүн бири оңдолот

Каракол шаарындагы негизги көчөлөрүнүн бири болгон Алышбаев  көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Каракол шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдаады. Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында Алышбаев көчөсү Карасаев көчөсүнөн баштап Чечерин көчөсүнө чейинки аралыгында узундугу 1 чакырым метр болгон жаңы эки тилкелүү асфальт жол курулат. Мындан тышкары, көчөнүн эки тарабына

Бишкек – Кант –Токмок жолуна асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө

Бишкек – Кант –Токмок жолуна асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө

Бишкек – Кант – Токмок унаа жолуна асфальт басуу уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда аталган унаа жолдо асфальттын экинчи  катмарын төшөө иштери кызуу жүрүп, 2 чакырымына асфальт басылып бүттү.  Аны менен катар Лермонтов көчөсүнөн баштап, Калинин көчөсүн көздөй ортодогу тосмолор орнотулуп жана жарыктандыруу мамычалары

Адал-индустриянын талаптарын бузгандарга айып пул салынат

Адал-индустриянын талаптарын бузгандарга айып пул салынат

Президент Садыр Жапаров «Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Жаңы мыйзамга ылайык, адал өндүрүмдөрдү жана адал кызматтарды өндүрүү, сактоо, ташуу, сертификаттоо жана жүгүртүү боюнча талаптарды бузгандарга административдик жоопкерчилик киргизилди. Ага ылайык, жеке жактарга 7 500 сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып пул каралган. Ал эми