КМШ өлкөлөрү коопсуздук боюнча кызматташууну күчөтүүнү талкуулашты

КМШ өлкөлөрү коопсуздук боюнча кызматташууну күчөтүүнү талкуулашты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Жумгалбек Шабданбеков 25-май күнү Иркутск шаарында өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 58-жыйынына катышты.

УКМКнын маалыматына ылайык, иш-чарага КМШ өлкөлөрүнүн компетенттүү органдарынын жетекчилери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып, аймактык жана эл аралык коопсуздук маселелерин талкуулашты.

Жыйындын жүрүшүндө Жумгалбек Шабданбеков баяндама жасап, азыркы чакырыктар жана коркунучтар шартында КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын ортосундагы кызматташтыкты күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал ошондой эле эл аралык коопсуздукту камсыз кылууда биргелешкен аракеттерди жана тыгыз кесипкөй диалогду өнүктүрүү зарылдыгына токтолду.

Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар Шериктештик аймагындагы коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөө боюнча кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Быйыл 10 айда мамлекеттик бюджетке 669,6 миллиард сом киреше түштү

Корумду – Балбай баатыр жолунун курулушу 91%га аяктады

Эмгек кодексине өзгөртүү киргизилди

Бишкекте коомдук дааратканалар үчүн 16 жер аукционго коюлду

Баткен жана Брест облустары кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын бекитишти