Кыргыз адистери Бакуда осетр балыгын өстүрүү технологиясы менен таанышышты

Кыргыз адистери Бакуда осетр балыгын өстүрүү технологиясы менен таанышышты

21-22-май күндөрү Азербайжандын Баку шаарында Борбор Азия жана Кавказ аймагындагы Балык чарбасы жана аквакультура боюнча регионалдык комиссиясынын (CACFish) эксперттик жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Иш-чара балык уулоо куралдарын колдонуу жана кармоолорду эсепке алуу боюнча маалыматтарды чогултуу системасын иштеп чыгууга арналды. Жолугушуу CACFish комиссиясынын 2025-2027-жылдарга карата иш программасынын алкагында уюштурулду.

Ага Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык чарба комплекси департаментинин өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда Кыргызстандын өкүлдөрү “Кыргыз Республикасында ички балык уулоодо маалыматтарды чогултуунун улуттук системасы” аттуу презентация жасап, өлкөдөгү балык чарбасынын учурдагы абалы, негизги балык уулоо куралдары жана тармактагы техникалык регламенттер тууралуу маалымат беришти.

Ошондой эле CACFish тарабынан каржыланып жаткан “Кыргыз Республикасында балык жана балык продукциясынын байкоо системасын иштеп чыгуу жана киргизүү” долбоорунун ишке ашырылышы тууралуу маалымат сунушталды.

22-май күнү делегация Биологиялык ар түрдүүлүктү коргоонун эл аралык күнүнө арналган форумга жана Каспий деңизин осетр балыктарынын чабактары менен балыктыруу иш-чарасына катышты.

Мындан тышкары, кыргызстандык адистер “Азербайжан” балык чарбасында осетр балыктарын өстүрүүнүн толук технологиясы менен таанышышты.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн