Кыргыз фермерлери Россиянын мөмө-жемиш өндүрүү тажрыйбасы менен таанышты

Кыргыз фермерлери Россиянын мөмө-жемиш өндүрүү тажрыйбасы менен таанышты

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде “Мөмөлөр жана жемиштер” айыл чарба кластери менен биргеликте Россия Федерациясынын Жемиштер союзунун жана “Фрагария” компаниялар тобунун өкүлдөрү катышкан жолугушуу өттү.

Ведомствонун маалыматына ылайык, иш-чарага мөмө-жемиш багытында иш алып барган дыйкан-фермерлер, питомник өкүлдөрү, экспорттоочулар жана тармак адистери офлайн жана онлайн форматта катышты.

Жолугушууда “Фрагария” компаниясынын өкүлдөрү көчөт өстүрүү, мөмө-жемиш өндүрүү, экспорт жана заманбап технологиялар боюнча тажрыйбалары менен бөлүштү.

Ошондой эле тамчылатып сугаруу технологиялары боюнча презентациялар көрсөтүлүп, катышуучулар кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Иш-чара суроо-жооп форматында өтүп, фермерлер өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты.

Жыйынтыгында мындай жолугушуулар агрардык сектордогу эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана жаңы технологияларды жайылтууга өбөлгө түзөрү белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн