Курман айтта 10 миңден ашык милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

Курман айтта 10 миңден ашык милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

Курман айт майрамында республика аймагында коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, майрам күндөрү өлкө боюнча 10 миңден ашык милиция кызматкери тартылат.

Коопсуздук чаралары мечиттерде, эл көп чогулган жайларда, базарларда, эс алуу аймактарында жана башка коомдук жайларда күчөтүлөт.

Министрлик мындай чаралар укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алуу, ошондой эле жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында көрүлүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле жарандар коомдук тартипти сактоого, коопсуздук чараларына түшүнүү менен мамиле кылууга жана шектүү жагдайлар тууралуу ички иштер органдарына өз убагында кабарлоого чакырылды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Быйыл 10 айда мамлекеттик бюджетке 669,6 миллиард сом киреше түштү

Корумду – Балбай баатыр жолунун курулушу 91%га аяктады

Эмгек кодексине өзгөртүү киргизилди

Бишкекте коомдук дааратканалар үчүн 16 жер аукционго коюлду

Баткен жана Брест облустары кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын бекитишти