Москвада кыргыз мигранттарынын актуалдуу маселелери талкууланды

Москвада кыргыз мигранттарынын актуалдуу маселелери талкууланды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Россия Федерациясына болгон жумушчу сапарынын алкагында Москва шаарында Кыргызстандын жарандары менен жолугушуу өткөрдү.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушуу 25-май күнү Эмгек министрлигинин Москвадагы Өкүлчүлүгүндө уюштурулду.

Анда жарандар Россиядагы кыргызстандыктардын убактылуу жүрүү мөөнөтүн узартуу, эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүн миграциялык каттоого коюу, жашы жете элек балдарды Москвадагы мектептерге жайгаштыруу жана башка актуалдуу маселелерди көтөрүштү.

Министр Канат Сагынбаев жарандардын суроолоруна жооп берип, көтөрүлгөн маселелерди ыкчам кароо боюнча Өкүлчүлүктүн жетекчилигине тиешелүү тапшырмаларды берди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Быйыл 10 айда мамлекеттик бюджетке 669,6 миллиард сом киреше түштү

Корумду – Балбай баатыр жолунун курулушу 91%га аяктады

Эмгек кодексине өзгөртүү киргизилди

Бишкекте коомдук дааратканалар үчүн 16 жер аукционго коюлду

Баткен жана Брест облустары кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын бекитишти