Нарында курулуш ченемдерин бузган компанияга 200 миң сом айып салынды

Нарында курулуш ченемдерин бузган компанияга 200 миң сом айып салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын региондук башкармалыгы аймактагы курулуш объектилерин текшерүүнү улантууда.

Ведомствонун маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө Кочкор районунун Кочкор айылындагы ичүүчү таза суу тутумун куруу объектинде техникалык регламенттердин, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин талаптары толук сакталбаганы аныкталды.

Маалыматка ылайык, мыйзам бузуулар курулуш объектисиндеги коопсуздук талаптарына жана аткарылып жаткан иштердин сапатына терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Анын негизинде курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Метаг Иншаат Тиджарет Аноним Ширкети” ЖЧКсына Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 144-беренесине ылайык 200 миң сом айып салынды.Ошондой эле аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр берилди.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш иштерин жүргүзгөн бардык тараптарды белгиленген талаптарды так сактоого чакырып, курулуш ченемдерин бузуу мыйзам чегинде жоопкерчиликке алып келерин эскертти.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн