Садовое айылындагы мыйзамсыз курулушка 200 миң сом айып салынды

Садовое айылындагы мыйзамсыз курулушка 200 миң сом айып салынды

Москва районунун Садовое айылында курулуп жаткан таунхаустун тиешелүү архитектуралык-уруксат берүүчү документтери жок экени аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамдын талаптарын бузуу болуп эсептелет.

Аталган мыйзам бузуу боюнча курулуш иштерин жүргүзүп жаткан тарапка кемчиликтерди четтетүү тууралуу жазуу түрүндө эскертүү берилип, тиешелүү акт түзүлдү.

Ошондой эле мыйзам бузууга байланыштуу 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш жүргүзгөн бардык тараптарды мыйзам талаптарын так сактоого чакырды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Быйыл 10 айда мамлекеттик бюджетке 669,6 миллиард сом киреше түштү

Корумду – Балбай баатыр жолунун курулушу 91%га аяктады

Эмгек кодексине өзгөртүү киргизилди

Бишкекте коомдук дааратканалар үчүн 16 жер аукционго коюлду

Баткен жана Брест облустары кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын бекитишти