28-майда Бишкектин айрым аймактарында суу убактылуу өчүрүлөт

28-майда Бишкектин айрым аймактарында суу убактылуу өчүрүлөт

2026-жылдын 28-майында Бишкек шаарынын айрым аймактарында оңдоо жана реконструкция иштерине байланыштуу, ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Бишкексууканалы" МИнан маалымдашты.

Ага ылайык, саат 09:00дөн 23:00гө чейин Куланак көчөсү – Молдокулов көчөсү – Куйручук көчөсү – Ахунбаев көчөсү менен чектешкен аймакта турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо жана башка социалдык-өнөр жай объектилерине суу берилбейт. Өчүрүү Д-225 мм суу түтүгүндөгү авариялык оңдоо иштерине байланыштуу жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, саат 10:00дөн 00:00гө чейин Чыңгыз Айтматов проспектиси – Ахунбаев көчөсү – Руставели көчөсү – А. Баатыр көчөсү – Джунусалиев көчөсү – Грибоедов көчөсү – Садырбаев көчөсү – Коперник көчөсү – Курчатов көчөсү – Ташауз көчөсү – Айни көчөсү менен чектешкен аймактарда да суу берүү убактылуу токтотулат. Бул өчүрүү Руставели көчөсүндөгү диаметри 300 мм болгон суу түтүгүн көчүрүү иштерине байланыштуу экени айтылды.

Ишкана шаар тургундарынан жана мекеме-ишканалардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну сунуштайт.  Ошондой эле «Менин шаарым» тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди алып турууга чакырат.

 

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media