Адылбек Касымалиев Балыкчыдагы “Кыргызкөмүр” ишканасынын абалы менен таанышты

Адылбек Касымалиев Балыкчыдагы “Кыргызкөмүр” ишканасынын абалы менен таанышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев “Кумтөр Голд Компанинин” Балыкчы өткөөл базасына барып, объектти модернизациялоонун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалымат жана саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, таанышуунун жүрүшүндө МинКаб Төрагасына базанын учурдагы абалы, жүргүзүлүп жаткан инфраструктуралык өзгөрүүлөр, логистикалык жана өндүрүштүк процесстердин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган чаралар тууралуу маалымат берилди.

Белгиленгендей, базаны модернизациялоо жүктөрдү сактоо жана ташуу шарттарын жакшыртат, техникалык жабдыктарды өркүндөтөт, операциялык процесстерди оптималдаштырат, бул компаниянын ишине жалпысынан оң таасирин тийгизет.

Базаны модернизациялоонун алкагында жаңы күйүүчү май сактоочу резервуарлар орнотулуп, алардын сыйымдуулугу 12 400 куб. метрден 32 000 куб. метрге чейин жогорулап, 1,2 га аянтка жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү.
Мындан тышкары МинКаб Төрагасы “Кыргызкөмүр” ААКнын Балыкчы шаарындагы филиалында болду. Бул филиал Бишкек Жылуулук электр борбору жана калк үчүн “Кара-Кече” кенинен көмүрдү жөнөтөт жана сактайт, бул жылытуу мезгилинде негизги логистика катары кызмат кылат.

Белгиленгендей, кампанын сыйымдуулугу 40 миң тоннага чейин көмүр, суткасына 150гө чейин жүк ташуучу (4 миң тоннага чейин) унааны, бир эле учурда 100 вагонго чейин жүк түшүрүү мүмкүнчүлүгү бар. Аталган жайга видеокөзөмөл системасы орнотулган.

МинКаб Төрагасы алдыдагы күз-кыш мезгилине өз убагында жана сапаттуу даярдык көрүүнү камсыздап, өзгөчө отун менен үзгүлтүксүз камсыздоого жана энергетикалык инфраструктура объектилеринин туруктуу иштешине көңүл бурууну тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media