Баткенде “Согмент” чек ара посту ачылды

Баткенде “Согмент” чек ара посту ачылды

Баткен районунун Согмент айылында Чарбак тозотуна караштуу “Согмент” чек ара постунун ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара чек арачылардын кесиптик майрамына карата уюштурулуп, өлкө боюнча бир катар чек ара объекттеринин пайдаланууга берилиши менен коштолду.

Ачылыш аземине Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаев онлайн форматта катышса, жеринен президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов баштаган жергиликтүү жетекчилер жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү болду.

Жетекчилер жаңы чек ара постунун ачылышы мамлекеттин коопсуздугун чыңдоодогу маанилүү кадам экенин белгилеп, чек арачыларга мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтышты.

Жаңы постто аскер кызматкерлеринин сапаттуу кызмат өтөөсү үчүн бардык заманбап талаптарга жооп берген казарма курулуп, тиешелүү шарттар түзүлгөн.

Белгиленгендей, “Согмент” чек ара постунун кызматкерлери кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын 12 чакырымдан ашык тилкесин көзөмөлдөйт.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн