Бишкектеги Көк-Жар айылында 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Көк-Жар айылында 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарынын Көк-Жар айылында 750 орунга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган. Учурда имараттын үчүнчү кабатынын бетон төшөө иштери аяктады.

Долбоор боюнча үч кабаттуу мектеп имаратынын жалпы аянты 3348,9 чарчы метрди түзөт. Анда заманбап окуу класстары, лабораториялар, китепкана, компьютердик класстар, ашкана, жыйындар залы жана спорт залы каралган.

Министрлик курулуш иштеринин сапаты тиешелүү департаменттер тарабынан көзөмөлдөнүп жатканын маалымдады.

Белгиленгендей, Бишкек шаарында мындан тышкары дагы 19 мектеп республикалык бюджеттин эсебинен курулууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Быйыл 10 айда мамлекеттик бюджетке 669,6 миллиард сом киреше түштү

Корумду – Балбай баатыр жолунун курулушу 91%га аяктады

Эмгек кодексине өзгөртүү киргизилди

Бишкекте коомдук дааратканалар үчүн 16 жер аукционго коюлду

Баткен жана Брест облустары кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын бекитишти