Бишкектин Кашка-Баш айылына 750 орундуу мектеп салынууда

Бишкектин Кашка-Баш айылына 750 орундуу мектеп салынууда

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Бишкек шаарына караштуу Кашка-Баш айылында 750 орундуу заманбап мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, билим берүү мекемесинин курулушу үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган. Учурда имараттын үчүнчү кабатынын колонналары орнотулууда.

Долбоор Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттен каржыланууда. Башкы план боюнча мектептин жалпы аянты 8234 чарчы метрди түзүп, заманбап талаптарга ылайык салынат.

Ошондой эле курулуш иштеринин сапаты жана ар бир этабы тиешелүү департаменттер тарабынан көзөмөлдөнүп жатканы белгиленди.

Мектеп пайдаланууга берилгенден кийин эки нөөмөт менен 1500дөн ашык окуучуга билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Быйыл 10 айда мамлекеттик бюджетке 669,6 миллиард сом киреше түштү

Корумду – Балбай баатыр жолунун курулушу 91%га аяктады

Эмгек кодексине өзгөртүү киргизилди

Бишкекте коомдук дааратканалар үчүн 16 жер аукционго коюлду

Баткен жана Брест облустары кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын бекитишти