Кадамжайда талапка жооп бербеген бетон конструкциясы буздурулду

Кадамжайда талапка жооп бербеген бетон конструкциясы буздурулду

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Баткен региондук башкармалыгы аймактагы курулуш объектилерин көзөмөлдөөнү улантууда.

Ведомствонун маалыматына ылайык, текшерүү иштеринин жүрүшүндө Кадамжай районуна караштуу Кадамжай шаарынын Жийделик участогунда демөөрчүлөрдүн колдоосу менен курулган бетон конструкциясы текшерилип, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды.

Аталган объектте бетон конструкцияларында жаракалар пайда болгону белгилүү болгон.

Натыйжада курулуш иштерин жүргүзгөн тарапка Баткен региондук башкармалыгы тарабынан акт түзүлүп, жазуу түрүндө эскертүү берилди. Ошондой эле аныкталган кемчиликтерди жоюу максатында бетон конструкциясы демонтаждалды.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш иштерин жүргүзгөн бардык тараптарды белгиленген талаптарды так сактоого чакырып, курулуш нормаларын бузуу мыйзам чегинде жоопкерчиликке алып келерин эскертти.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Быйыл 10 айда мамлекеттик бюджетке 669,6 миллиард сом киреше түштү

Корумду – Балбай баатыр жолунун курулушу 91%га аяктады

Эмгек кодексине өзгөртүү киргизилди

Бишкекте коомдук дааратканалар үчүн 16 жер аукционго коюлду

Баткен жана Брест облустары кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын бекитишти