Кыргызстан эл аралык издөөдөгү жаранды Францияга өткөрүп берди

Кыргызстан эл аралык издөөдөгү жаранды Францияга өткөрүп берди

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, экстрадиция Бириккен Улуттар Уюмунун Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы конвенциясынын алкагында жана эл аралык милдеттенмелердин негизинде ишке ашырылды.

Франциянын компетенттүү органдарынын маалыматы боюнча, аталган жаран кылмыштуу топтун курамында чет өлкөлүк жарандардын Францияга жана Шенген аймагындагы айрым мамлекеттерге мыйзамсыз кирүүсүнө көмөктөшүүгө шектелүүдө.

Экстрадиция Башкы прокуратура менен Интерполдун Кыргызстандагы Улуттук борбордук бюросунун координацияланган ишинин натыйжасында камсыздалганы белгиленди.

Башкы прокуратура кылмыш жоопкерчилигинен жашырынып жүргөн адамдарды издөө жана экстрадициялоо боюнча эл аралык кызматташтык мындан ары да улантыларын билдирди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Быйыл 10 айда мамлекеттик бюджетке 669,6 миллиард сом киреше түштү

Корумду – Балбай баатыр жолунун курулушу 91%га аяктады

Эмгек кодексине өзгөртүү киргизилди

Бишкекте коомдук дааратканалар үчүн 16 жер аукционго коюлду

Баткен жана Брест облустары кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын бекитишти