MCN Coin иши боюнча Исрадин Субанбеков 7 жылга соттолуп, Юруслан Тойчубеков акталды
MCN Coin иши боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук соту 26-майда чечим чыгарды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан маалымдашты.
Соттун өкүмүнө ылайык, Юруслан Тойчубеков күнөөсүз деп табылып, акталган.
Исрадин Субанбеков күнөөлү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо жана эки жылдык мөөнөткө виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндө иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен 7 жылга эркинен ажыратуу, жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөө өкүмү чыгарылган.
М. у. Б. үй-мүлкүн конфискациялоо менен алты жылга эркинен ажыратылды.
М.Д.С. 3 жыл, Б.У.Р. 3 жыл, К.Н.Сга карата 3 жыл пробациялык жаза чегерилди.