Өлкөдө үч айда 4 миң тоннадан ашык балык өндүрүлдү

Өлкөдө үч айда 4 миң тоннадан ашык балык өндүрүлдү

2026-жылдын I кварталынын жыйынтыгы менен Кыргызстанда товардык балык өндүрүүнүн көлөмү 4029,1 тоннаны түздү. Учурда республика боюнча 545 балык чарбасы иш алып барууда.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, балык чарбачылыгы агрардык сектордогу туруктуу өнүгүп жаткан артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Тармакты өнүктүрүү максатында аквакультураны кеңейтүү, заманбап өндүрүш ыкмаларын жайылтуу, ички рынокту сапаттуу продукция менен камсыз кылуу жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Аймактар боюнча өндүрүш көрсөткүчтөрү төмөнкүчө болду:

  • Чүй облусу — 2206,7 тонна, 398 чарба;
  • Жалал-Абад облусу — 962,2 тонна, 39 чарба;
  • Ысык-Көл облусу — 311,4 тонна, 48 чарба;
  • Нарын облусу — 243,5 тонна, 34 чарба;
  • Талас облусу — 195,1 тонна, 15 чарба;
  • Ош облусу — 110,2 тонна, 11 чарба.

Өндүрүш көлөмү боюнча Чүй облусу лидерликти сактап келсе, Жалал-Абад облусунда дагы балык чарбачылыгынын өсүү динамикасы байкалууда.

Министрлик мындан ары да тармактын инфраструктурасын жакшыртуу, жаңы технологияларды киргизүү, инвестиция тартуу жана өндүрүш кубаттуулугун кеңейтүү иштерин улантарын билдирди.

Адистердин айтымында, бул аракеттер азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн