Өсүмдүктөрдүн карантин лабораториялары 4 айда 1,3 млн сом тапты

Өсүмдүктөрдүн карантин лабораториялары 4 айда 1,3 млн сом тапты

Быйылкы жылдын алгачкы төрт айында өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияларга жалпы 7965 үлгү түшүп, 18 848 экспертиза жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, лабораторияларга импорттук продукциялардан 5559, экспорттук продукциялардан 1767 үлгү кабыл алынган. Мындан тышкары, изилдөө иштеринен 379 жана жарандардын кайрылуулары боюнча 260 үлгү текшерүүгө алынган.

Жүргүзүлгөн лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында өсүмдүктөрдүн карантини боюнча кызматтар 1 миллион 358 миң сомдон ашуун каражат тапкан.

Ал эми 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча лабораторияларга 21 209 үлгү түшүп, жалпы 48 791 экспертиза жүргүзүлгөн. Анын негизинде 5 миллион 635 миң сомдон ашык каражат түшкөнү маалымдалды.

Адистер белгилегендей, мындай текшерүүлөр айыл чарба продукцияларындагы карантиндик зыянкечтерди өз убагында аныктоого жана коопсуз продукцияны камсыздоого багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн