Жер жана суу мыйзамдарын бузгандарга 2,4 млн сом айып пул салынды

Жер жана суу мыйзамдарын бузгандарга 2,4 млн сом айып пул салынды

2026-жылдын алгачкы төрт айында жер жана суу мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча иштердин жыйынтыгында жалпы 2 млн 477 миң сом айып салынды. Анын 1 млн 317 миң 500 сому өндүрүлгөн. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана сайра иштетүү онөр жары министрлигинен билдиришти.

Расмий маалыматка ылайык, жер багыты боюнча 1 млн 780 миң 500 сом айып салынып, анын 1 млн 57 миң сому өндүрүлгөн. Ал эми суу багыты боюнча 696 миң 500 сом айып салынып, 260 миң 500 сому өндүрүлдү.

Ошондой эле төрт ай ичинде коюлган доолордун жалпы көлөмү 3 млн 398 миң 353 сомду түзүп, анын 1 млн 191 миң 736 сому өндүрүлгөнү маалымдалды.

Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы мыйзамдардын аткарылышын камсыздоо жана жер менен суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча иштер улантыларын билдирди.

Мындан тышкары, 2025-жылдын жыйынтыгында жер жана суу мыйзамдарын сактоо боюнча жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн негизинде 9 млн 440 миң сом айып салынып, анын 8 млн 187 миң 500 сому өндүрүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн