Манас шаарына өндүрүштүк ишканаларды куруу боюнча сунуштар айтылды

Манас шаарына өндүрүштүк ишканаларды куруу боюнча сунуштар айтылды

Манас шаарына Кытай Эл Республикасынын курулуш, технология жана өнөр жай тармактарында иш алып барган компания өкүлдөрүнөн турган делегация келди. Делегацияны шаар мэринин биринчи орун басары Дамирбек Давлянов тосуп алды.

Манас шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты. Анда Манас шаары инвестиция тартууга жана чет элдик өнөктөштөр менен кызматташууга даяр экендиги белгиленди.

Ошондой эле шаар аймагында заманбап мейманканаларды, сейил бактарды жана бир катар өндүрүштүк ишканаларды куруу боюнча сунуштар айтылып, келечектеги биргелешкен долбоорлор тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.


Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан
окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан менен Аргентинанын айыл чарба тармагында кызматташуусу талкууланды

900 миң сом опузалоого шектелген УКМКнын жалган кызматкери кармалды

Ала-Букада көмүрдүн килограммы 7 сомдон 9 сомго чейин сатылууда

Ысык-Көлдө пансионат курган ишканага 200 миң сом айып салынды

Вайс-Ситиге жетүү үчүн 6,5 саат: Кыргызстанда GTA VI оюнун жүктөп алуу канча убакытты талап кылат?