Өзбекстандан алынып келген 21 тонна дарбыз Кыргызстанга киргизилген жок
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти маалымдагандай, Оштогу "Достук" көзөмөл-өткөрүү пунктунда Өзбекстандан ташылып келген 21 тонна дарбыз текшерүүдөн өткөрүлдү.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө продукциянын таңгагында милдеттүү маркировка жок экени аныкталып, ЕАЭБдин карантиндик фитосанитардык талаптары бузулганы белгилүү болгон.
Мындан улам жүктү Кыргызстан аймагына киргизүүгө тыюу салынып, 21 тонна дарбыз кайра артка кайтарылды.
Мекеме фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо жана карантиндик зыянкечтердин өлкөгө киришине жол бербөө боюнча көзөмөл иштери улантылып жатканын билдирди.