Кырчын жайлоосунда жаратылышты коргоо багытында рейд өткөрүлдү

Кырчын жайлоосунда жаратылышты коргоо багытында рейд өткөрүлдү

Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда жаратылышты, жайыттарды жана биоресурстарды коргоо багытында рейддик иш-чара өттү. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө жайыт жерлерин ээнбаштык менен тепселеп, жер кыртышын бузган жарандар аныкталып, жайыт аймагынан чыгарылып, мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлдү.

Мындан тышкары, кызыл китепке кирген бүркүттү мыйзамсыз түрдө коммерциялык сүрөткө тартуу максатында пайдаланып жүргөн 3 жаран аныкталды. Ар бир факт боюнча административдик мыйзамдарынын негизинде протоколдор түзүлдү.
Ошондой эле рейд учурунда эндуро айдоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жайыттарды бузбоо, жаратылышка аяр мамиле кылуу жана белгиленген маршруттардан чыкпай жүрүү боюнча эскертүүлөр берилди.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан жаратылышты коргоо жана мыйзам бузуулардын алдын алуу багытындагы рейддик иш-чаралар мындан ары да улантылат.

Мындан тышкары окуңуз

Адал-индустриянын талаптарын бузгандарга айып пул салынат

Адал-индустриянын талаптарын бузгандарга айып пул салынат

Президент Садыр Жапаров «Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Жаңы мыйзамга ылайык, адал өндүрүмдөрдү жана адал кызматтарды өндүрүү, сактоо, ташуу, сертификаттоо жана жүгүртүү боюнча талаптарды бузгандарга административдик жоопкерчилик киргизилди. Ага ылайык, жеке жактарга 7 500 сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып пул каралган. Ал эми

Наталья Никитенко жаңы кызматка дайындалды

Наталья Никитенко жаңы кызматка дайындалды

Наталья Никитенко Жогорку Кеңешке караштуу “Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору” мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды.  Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, тиешелүү тескемеге парламент төрагасы Марлен Маматалиев кол койду. Белгилей кетсек, Наталья Никитенко V жана VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Ошондой эле төраганын орун басарлык милдетин дагы аткарган.

Ортоазиялык кундузду мыйзамсыз аткандарга 20 миң сом айып салынат

Ортоазиялык кундузду мыйзамсыз аткандарга 20 миң сом айып салынат

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөштү күчөтүп жатканын билдирди. Ведомствонун маалыматына ылайык, өлкө аймагында жаныбарлар дүйнөсүн коргоо жана браконьерликке бөгөт коюу максатында туруктуу негизде рейддер жана текшерүүлөр жүргүзүлүүдө. Ошондой эле жарандардан түшкөн маалыматтардын негизинде да мыйзам бузуулар аныкталып, тиешелүү чаралар көрүлүп жатат. Министрлик Кызыл китепке

Бийик тоолуу аймакта жашагандар үчүн  компенсациялар каралат

Бийик тоолуу аймакта жашагандар үчүн компенсациялар каралат

5-июнда бийик тоолуу аймактарда, алыскы барууга кыйын жана айрым бийик тоолуу калктуу конуштарында жашаган адамдарга кепилдиктерди жана компенсацияларды колдонууну жөнгө салуу жөнүндө токтом кабыл алынды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Аталган ченемдик укуктук актылар Кыргыз Республикасынын “Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын