Чүйдөгү “Манас” соода-логистикалык шаарынын курулушу текшерилди

Чүйдөгү “Манас” соода-логистикалык шаарынын курулушу текшерилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Достук айылында курулуп жаткан "Манас" соода-логистикалык шаарынын курулуш аянтын жана долбоорун жеринен көрүп чыкты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, улуттук инвестициялык долбоордун курулушу 2026-жылдын 1-майында башталган. Долбоор көп функционалдуу комплексти камтып, бир нече этап менен ишке ашырылат.

Биринчи этапта 11 кабаттуу төрт көп батирлүү турак жай, эки кабаттуу бир нече турак жай имараттары, мейманкана, ошондой эле соода жана бизнес борборлорунун курулушу каралган. Кийинки этаптарда логистикалык кампаларды жана башка инфраструктуралык объектилерди куруу пландалууда.

Долбоорду "Хунан Курулуш Инвестициялык" тобу ишке ашырып жатса, буйрутмачы катары "Кыргыз-кытай инвестициялык холдинг" ЖЧКсы чыгууда.

Текшерүүнүн жүрүшүндө компаниянын эсептик эсебинде 6 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү каражат бар экени аныкталды.

Министр Нурдан Орунтаев курулуш иштеринин ар бир этабында сапатты камсыздоого, коопсуздук талаптарын так сактоого жана белгиленген мөөнөттөрдү бузбоого өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.

Ошондой эле Курулуш министрлиги тарабынан турак жайларды курулуштун алгачкы баскычында сатууга жана жарнамалоого жол берилбей турганы эскертилди. Турак жай объектилери кеминде 3–4 кабатка чейин курулгандан кийин гана сатыкка чыгарылышы керектиги белгиленди.

Мындан тышкары, курулуш компаниясына курулуш иштерин ыкчам жүргүзүү, каржылык каражаттар боюнча ачык-айкын маалымат берүү жана мыйзам талаптарына ылайык уставдык капиталды толуктоо боюнча тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары окуңуз

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн

Улуттук банк менен CertiK - өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду

Улуттук банк менен CertiK - өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду

Улуттук банктын Башкармасынын мүчөсү Санжар Абдыгазиев блокчейн-технологиялардын жана санариптик активдердин коопсуздугу жагындагы алдыңкы эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу өткөрдү. Бул тууралуу башкы банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, жолугушуунун алкагында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул меморандум киберкоопсуздук, санариптик финансылык технологиялар,