Экологияга зыян келтиргендерге карата 235 миң сом айып пул салынды

Экологияга зыян келтиргендерге карата 235 миң сом айып пул салынды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы 20-майдан 30-майга чейин экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатында рейддик, алдын алуу жана көзөмөл иш-чаралары жүргүздү. Бул тууралуу  аталгган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чаралардын жүрүшүндө туристтик инфраструктуранын объектилери, чарба жүргүзүүчү субъекттер, таштандыларды жайгаштыруу жайлары, ошондой эле тазалоочу курулмалар текшерилди. Экологиялык коопсуздук талаптарын сактоо, айлана-чөйрөнүн булганышын алдын алуу, суу коргоо режимин сактоо, өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөө, ошондой эле тазалоочу курулмалардын иштеши маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында 30 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 235 000 сомду түзгөн айып пулдар салынды.

Ошол эле учурда чарба жүргүзүүчү субъекттердин өкүлдөрүнө экологиялык талаптарды сактоо жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media