Мамлекеттик бажы кызматы "Ак-Маралда" жаңы эс алуу корпусун курат

Мамлекеттик бажы кызматы "Ак-Маралда" жаңы эс алуу корпусун курат

29-майда Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилиги Ысык-Көл облусундагы "Ак-Марал" эс алуу борборунун жаңы корпусунун курулушуна старт берип, убакыт капсуласын салды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Иш-чарага Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана аймактык бажы органдарынын жетекчилери, ошондой эле "Мамлекеттик бажы инфраструктурасы" ААКнын өкүлдөрү катышты.

Долбоорго ылайык, жалпы аянты 3900 чарчы метрден ашкан беш кабаттуу жаңы корпус курулат. Имарат эс алуучулар үчүн заманбап шарттар менен жабдылып, комплекстин аймагында термалдык бассейндер да курулат.

Белгилей кетсек, долбоор республикалык бюджеттен каражат тартпастан, "Мамлекеттик бажы инфраструктурасы" ААК тарабынан бажыга байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн кирешелердин эсебинен каржыланат.

Мындан тышкары, көчмө кеңешменин жүрүшүндө Электрондук декларациялоо борборун ишке киргизүүгө даярдык маселелери талкууланды. Катышуучулар "Смарт Бажы" маалыматтык системасынын алкагында декларациялоо блогун иштеп чыгуунун жүрүшүн жана борборду ишке киргизүү үчүн зарыл болгон уюштуруу чараларын карап чыгышты.

Жыйынтыгында Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилиги инфраструктуралык долбоорлорду жана санариптик демилгелерди өз мөөнөтүндө ишке ашыруу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары окуңуз

Балдардын баасы 5.0: курьерлер жана айдоочулар Family Day майрамын белгилешти

Балдардын баасы 5.0: курьерлер жана айдоочулар Family Day майрамын белгилешти

Июндун ишемби күнү, Бишкектин Дордой стадионун таңы балдардын жандуу күлкүсү менен башталды. Адатта, бул адамдар бири-бирин үстүртөн карап, жолдун кесилишинде унаанын арткы күзгүсүнөн же шаардык кафелерде буйрутма алып кетүүгө келгенде, ар бир мүнөт кымбат кезде көрүшөт. Бирок бул күнү айдоочу, курьер жана “Яндекс Кыргызстандын” кызматкерлери өздөрүн ата-эне, күйөө

Батумиде шайлоодогу маалыматтык коопсуздук маселелери каралууда

Батумиде шайлоодогу маалыматтык коопсуздук маселелери каралууда

17–18-июнь күндөрү Грузиянын Батуми шаарында шайлоону башкаруу органдарынын жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн шайлоо органдарынын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын адистери катышууда. Кыргызстандан БШКнын басма сөз катчысы Наргиза Мансурова-Ябута жана эл аралык кызматташтык жана шайлоо процессинин катышуучулары

Караколдогу сейил бак оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Караколдогу сейил бак оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарындагы 100 жылдык тарыхы бар А.Пушкин атындагы борбордук сейил бакты оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жалпы аянты 7,5 гектарды

Нарында саркынды суу тазалоо жайынын курулушу башталды

Нарында саркынды суу тазалоо жайынын курулушу башталды

“Нарын шаарында таза суу менен камсыздоо жана канализация системасын ишке ашыруу” долбоорунун II фазасынын алкагында жаңы саркынды суу тазалоо жайынын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Нарын шаары үчүн өзгөчө маанилүү санитардык-экологиялык мыкты шарт түзүүчү обьектинин курулушун баштоо салтанатына Министрлер Кабинетинин Төрагасынын