Садыр Жапаров жатак мектебинин окуучулары менен жолугушту

Садыр Жапаров жатак мектебинин окуучулары менен жолугушту

Садыр Жапаров 1-июнда, ата-энесинин камкордугунан ажыраган, интернат тибиндеги балдар мекемелердин бүтүрүүчүлөрүнүн жашоо шарттары менен таанышты. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мамлекет башчысына Бишкекте Мамлекеттик ипотекалык компаниянын турак жай фондунун базасында толугу менен мамлекеттик камкордукта болгон тоголок жетимдер үчүн убактылуу жашоо уюштурулгандыгы тууралуу маалымдалды.

Жатак-мектептерди жана кесиптик лицейлерди аяктагандан кийин, окуу жайлардын жатаканаларынан чыгууга аргасыз болгон көптөгөн бүтүрүүчүлөр өз алдынча жашоо баскычында турак-жайдын жоктугу көйгөйүнө туш болушкан. Жаштардын бул категориясын социалдык колдоо максатында МИК жаштар үчүн атайын социалдык конок үйүн бөлгөн, ал жерде бүтүрүүчүлөр жогорку окуу жайларында окуу мезгилинде же жумушка орношуу баскычында жашай алышат.

Батирлер балдарга жана кыздарга арналган эки блоктон турат.

Бул жерде өз алдынча жашоого ыңгайлашууга, билим алууга жана кесиптик келечектеги кесиптик жолун пландаштырууга өбөлгө түзгөн бардык зарыл турмуш-тиричилик шарттары түзүлгөн.

Учурда бул жайда 16 жаштан 18 жашка чейинки 25 бүтүрүүчү (10 бала жана 15 кыз) жашайт. Алар Бишкек шаарындагы, ошондой эле Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарындагы мектеп-интернаттардын жана кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрү болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media