Шылуундар Салык кызматынын атынан жасалма билдирүүлөрдү таратууда

Шылуундар Салык кызматынын атынан жасалма билдирүүлөрдү таратууда

Мамлекеттик салык кызматы акыркы убакта өздөрүн мекеменин кызматкерлери же жетекчилиги катары тааныштырган шылуундардын аракеттери көбөйгөнүн эскертип, жарандарды сак болууга чакырды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алдамчылар телефон аркылуу байланышып, ошондой эле WhatsApp, Telegram жана башка социалдык тармактар менен мессенджерлер аркылуу билдирүүлөрдү жөнөтүүдө. Айрым учурларда алар жасалма интеллект технологияларын колдонуу менен өздөрүн Салык кызматынын жетекчилиги катары көрсөтүп, мыйзамсыз талаптарды коюшууда.

Мындан тышкары, шылуундар салык карыздары же милдеттенмелери тууралуу жасалма билдирүүлөрдү таратып, аларды расмий маалымат катары көрсөтүүгө аракет кылышууда.

Мамлекеттик салык кызматы расмий билдирүүлөр жарандарга почта аркылуу же "Салык төлөөчүнүн жеке кабинети" аркылуу гана жөнөтүлөрүн белгиледи. Ошондой эле мекеме WhatsApp, Telegram жана башка мессенджерлер аркылуу билдирүү жөнөтпөй турганын жана кызматкерлер жеке эсептерге акча которууну талап кылбай турганын эскертти.

Жарандарга шектүү шилтемелерди ачпоого, жеке маалыматтарын, сырсөздөрүн, SMS-коддорун жана банктык реквизиттерин эч кимге бербөөгө чакырык жасалды. Шектүү билдирүүлөр келип түшкөн учурда маалыматты аймактык салык органдарынан тактоо же 116 кыска номерине кайрылуу сунушталат.

Салык кызматы салыктык карыздарды текшерүү жана төлөмдөрдү жүргүзүү "Салык төлөөчүнүн жеке кабинети" же банктардын расмий мобилдик тиркемелери аркылуу гана ишке ашырылышы керектигин эске салды.

Мекеме жарандарды алдамчылардын айла-амалдарына алданбоого жана шектүү кайрылуулар тууралуу дароо укук коргоо органдарына маалымдоого чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн

Улуттук банк менен CertiK - өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду

Улуттук банк менен CertiK - өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду

Улуттук банктын Башкармасынын мүчөсү Санжар Абдыгазиев блокчейн-технологиялардын жана санариптик активдердин коопсуздугу жагындагы алдыңкы эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу өткөрдү. Бул тууралуу башкы банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, жолугушуунун алкагында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул меморандум киберкоопсуздук, санариптик финансылык технологиялар,