Бишкек - Балыкчы багытына жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддин жайкы каттамы башталат

Бишкек - Балыкчы багытына жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддин жайкы каттамы башталат

2026-жылдын 5-июнунан тартып Бишкек – Балыкчы багыты боюнча жүргүнчү поездинин жайкы сезондогу каттамы жанданат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, поезд 5-июндан 21-июнга чейин жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттаса, 26-июндан 13-сентябрга чейин күн сайын каттамын аткарат.

Поезд Бишкек-2 темир жол бекетинен саат 08:06да жөнөп, Балыкчы шаарына саат 12:12де жетет. Ал эми “Балыкчы пляж” токтоочу пунктуна саат 12:37де келет.

Ал эми кайтар жолдо поезд “Балыкчы пляж” бекетинен саат 18:40та чыгып, Балыкчы бекетине саат 19:00дө келет. Бишкек-2 бекетине келүү убактысы – саат 23:11 болот.

Белгилей кетсек, Бишкек-2 темир жол бекети Бишкек шаарындагы Эркиндик бульвары, 1А дарегинде жайгашкан.

Жайкы туристтик сезондун башталышы менен бул каттам борбордон Ысык-Көлгө барууну каалаган жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу транспорттук мүмкүнчүлүк түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 320 млн сомдук "Талас Органик" агрокомплекси ачылды

Таласта 320 млн сомдук "Талас Органик" агрокомплекси ачылды

Талас облусунун Айтматов районундагы Ак-Башат айылында "Талас Органик" агрокомплекси ишке кирди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, долбоор "Альянс Алтын" фондунун 320 млн сомдук жеке инвестициясынын эсебинен каржыланган. Бул Талас облусундагы эл аралык органикалык сертификаты бар алгачкы толук циклдеги агрокомплекс. Комплекс 300 гектар аянтты

Ишкер Media
Мамлекеттик кызматтар: маалымат берүүдө бирдиктүү талаптарды киргизүү сунушталууда

Мамлекеттик кызматтар: маалымат берүүдө бирдиктүү талаптарды киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда мамлекеттик, муниципалдык жана жарандык-укуктук кызматтар тууралуу маалымат берүү тартибин бирдиктүү талаптарга келтирүү сунушталууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин тиешелүү долбоору коомдук талкууга коюлду. Долбоордун максаты — жарандар кызмат алууга кайрыла электе анын шарттары, талап кылынган документтери, мөөнөтү, баасы, жеңилдиктери, баш тартуу негиздери жана даттануу тартиби тууралуу толук, ишенимдүү

Ишкер Media
Кыргызстан жана Оман транспорттук кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан жана Оман транспорттук кызматташтыкты талкуулады

6-октябрда Транспорт министрлигинде министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев менен Омандын Транспорт, коммуникациялар жана маалыматтык технологиялар министрлигинин департамент директору Набиль бин Хайдер Аль-Балуши жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди. Жолугушууда транспорт тармагындагы учурдагы кызматташтык жана аны кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Министрдин орун басары белгилегендей, азыр эки өлкө негизинен аба

Ишкер Media
Фермерлер iDyikan тиркемесине ээ болушту

Фермерлер iDyikan тиркемесине ээ болушту

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги эми айыл чарба кызматын алгысы келген фермерлерди iDyikan тиркемеси аркылуу онлайн-арыз менен кабыл ала башташат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, санарип платформа тармактык сервисти, мамлекеттик колдоо программаларын, жеңилдетилген насыяларды бириктирет. Колдонуучулар кагаз документтерди чогултпай,

Ишкер Media