Бишкектеги Киев көчөсүн реконструкциялоо долбоору талкууланат

Бишкектеги Киев көчөсүн реконструкциялоо долбоору талкууланат

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын, коомчулук өкүлдөрүн, эксперттик чөйрөнү жана бардык кызыкдар тараптарды Киев көчөсүн коомдук транспорттун кыймылы уюштурулган жөө адамдар аймагына айландыруу боюнча реконструкциялоо долбоорунун коомдук талкуусуна катышууга чакырат.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, иш-чара 2026-жылдын 5-июнунда саат 17:00дө Бишкек шаарындагы Чүй проспектиси, 168а дарегиндеги "Тунгуч" театрында өтөт.

Презентациядан кийин ачык талкуу уюштурулуп, анын алкагында катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, сунуш-пикирлерин жана сын-эскертүүлөрүн билдире алышат.


Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Хжана YouTube каналдарынан
окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен
Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан менен Аргентинанын айыл чарба тармагында кызматташуусу талкууланды

900 миң сом опузалоого шектелген УКМКнын жалган кызматкери кармалды

Ала-Букада көмүрдүн килограммы 7 сомдон 9 сомго чейин сатылууда

Ысык-Көлдө пансионат курган ишканага 200 миң сом айып салынды

Вайс-Ситиге жетүү үчүн 6,5 саат: Кыргызстанда GTA VI оюнун жүктөп алуу канча убакытты талап кылат?