Бишкекте ШКУ саммитине карата көрктөндүрүү иштери жүрүүдө

Бишкекте ШКУ саммитине карата көрктөндүрүү иштери жүрүүдө

"Бишкекжашылкурулуш" муниципалдык ишканасы борбор калааны көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин ШКУ саммитине даярдык көрүүнүн алкагында улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, учурда айланма жолдо жаңы газон төшөө үчүн аймакты даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Ишкананын адистери жер тилкесин тегиздөө, топурак катмарын даярдоо жана мындан аркы жашылдандыруу иштерине ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча комплекстүү иштерди аткарып жатышат. Бул аймакка гүлдөрдү отургузуу да пландаштырылууда.

Ишке төрт атайын техника, ошондой эле компаниянын өндүрүш бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тартылууда. Бардык иш-чаралар Бишкектин экологиялык абалын жана эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында жүргүзүлүүдө.


Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан
окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен
Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Вайс-Ситиге жетүү үчүн 6,5 саат: Кыргызстанда GTA VI оюнун жүктөп алуу канча убакытты талап кылат?

Улуттук банк айыптарды салды

"Кыргызтест" сертификаты эми "Түндүк" тиркемеси аркылуу берилиши мүмкүн

Нарындагы 100 орундуу бала бакчанын курулушу 65%га аткарылды

Ташка жан киргизген уста: Дастан Камиловдун чакан устаканадан чоң цехке чейинки максаты