Бишкектин Учкун конушунда мектептин кошумча корпусу салынууда

Бишкектин Учкун конушунда мектептин кошумча корпусу салынууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Учкун конушунда жайгашкан №89 орто жалпы билим берүү мектебинин аймагында кошумча корпустун курулушу улантылууда.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, жаңы имараттын жалпы аянты 9061 чарчы метрди түзөт. Корпус эки кабаттуу болуп, жер төлө кабаты менен 750 окуучуга ылайыкталат.

Бүгүнкү күндө объектте кыш кыноо иштери толугу менен аяктады. Учурда чатырын жабуу иштери жүргүзүлүп, ошондой эле шыбак иштери аткарылууда.

Имарат окуу класстары, устаканалар, окуу залы менен китепкана, актовый жана спорт залдары, медициналык блок, ашкана жана тамактануучу зал менен камсыздалат. Имараттын ички жасалгасы санитардык талаптарга ылайык жүргүзүлөт: санитардык түйүндөрдүн жана тамак-аш блогунун дубалдары плитка менен капталып, полдору кафель менен төшөлөт, дубал жана шыптары суу эмульсиялык сыр менен сырдалат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан менен Аргентинанын айыл чарба тармагында кызматташуусу талкууланды

900 миң сом опузалоого шектелген УКМКнын жалган кызматкери кармалды

Ала-Букада көмүрдүн килограммы 7 сомдон 9 сомго чейин сатылууда

Ысык-Көлдө пансионат курган ишканага 200 миң сом айып салынды

Вайс-Ситиге жетүү үчүн 6,5 саат: Кыргызстанда GTA VI оюнун жүктөп алуу канча убакытты талап кылат?