Жалал-Абадда ири мамлекеттик долбоорлор ишке ашырылууда

Жалал-Абадда ири мамлекеттик долбоорлор ишке ашырылууда

Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Мамлекет башчысы Садыр Жапаров тарабынан өзгөчө көзөмөлгө алынган Жалал-Абад облусундагы стратегиялык объектилердин курулушу менен таанышты.

Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымында, бүгүнкү күндө курулуш иштерине тоскоолдук жараткан көйгөйлөр жок, каржылоо үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, жумушчулардын эмгек акысы өз убагында төлөнүүдө. Бул өз кезегинде курулуштун сапаттуу жана мөөнөтүндө аякташына негиз түзүүдө.

Алдыңкы долбоорлордун бири болгон Жалал-Абад аэропорту өлкөнүн транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү маанилүү объект болуп саналат. Учурда терминалдын курулушу жана учуп-конуу тилкесин асфальттоо иштери активдүү жүргүзүлүүдө.

Терминал 2026-жылдын күз айларында бүткөрүлүп, ал эми аэропортту толук пайдаланууга берүү 2027-жылга пландалууда. Бул долбоор аймактын инвестициялык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, ошондой эле калк үчүн транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртууга салым кошот.
Ошону менен катар, 400 орундуу Президенттик “Акылман” лицейинин курулушу да жогорку темпте уланууда. Билим берүү комплекси 2026-жылдын жай мезгилинде бүткөрүлүп, жаңы окуу жылына даяр абалда пайдаланууга берилет. Лицей заманбап спорт зал, бассейн, окуучулар үчүн жатакана жана мугалимдер үчүн кызматтык батирлер менен камсыздалып, өлкөдөгү алдыңкы билим берүү борборлорунун бири болууга багытталган.

Саламаттык сактоо тармагында дагы бир ири долбоор ишке ашырылууда. Жүрөк-кан тамыр ооруларына адистешкен хирургиялык оорукананын курулушу бүгүнкү күндө 60%  аяктады. Жалпы наркы 3 млрд сомду түзгөн бул медициналык мекеме 2027-жылы пайдаланууга берилет. Оорукана заманбап жабдуулар менен камсыздалып, жогорку квалификациялуу адистер тартылат. Натыйжада калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапаты жаңы деңгээлге көтөрүлөт.

Жалпысынан, аэропорттун, билим берүү комплексинин жана адистештирилген оорукананын курулушу мамлекеттин аймактарды өнүктүрүү, билим берүү менен саламаттык сактоонун сапатын жогорулатуу жана жарандардын жашоо деңгээлин жакшыртуу багытындагы ырааттуу саясатынын айкын көрүнүшү болуп саналат. 

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде туристтик инфраструктураны жакшыртуу маселеси көтөрүлдү

Баткенде туристтик инфраструктураны жакшыртуу маселеси көтөрүлдү

Баткен облусунда туризм тармагын өнүктүрүү, туристтер үчүн шарттарды жакшыртуу жана инфраструктураны өркүндөтүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов облус башчысынын орун басары Максатай Мамытбекова менен жолугушуп, аймактагы туризмдин негизги маселелери жана өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алышты. Андан

Кыргыз-өзбек жаш парламентарийлери  тажрыйба алмашууну көздөшөт

Кыргыз-өзбек жаш парламентарийлери тажрыйба алмашууну көздөшөт

10-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кыргызстандын жана Өзбекстандын жаш парламентарийлеринин II форумуна катышты. "Жаштар – жалпы прогресске жана тынчтыкка карай жолдо!" деген ураан алдында өткөн форумга эки өлкөнүн депутаттары, жаштар, адистер жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Марлен Маматалиев кыргыз-өзбек мамилелеринин тарыхый, маданий жана руханий жакындыгын белгилеп,

Ош шаарында мыйзамсыз валюта алмаштырган 9 жаранга айып пул салынды

Ош шаарында мыйзамсыз валюта алмаштырган 9 жаранга айып пул салынды

Ош шаарында Улуттук банктын лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруу менен алектенген 9 жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, мыйзамсыз акча алмаштырууга карата көзөмөлдү Ош облустук башкармалыктын өкүлдөрү ишке ашырып, анын жүрүшүндө аталган жарандар Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы жок нак чет

Баткенде көп балалуу энелер "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" сыйлыктарын алышты

Баткенде көп балалуу энелер "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" сыйлыктарын алышты

Баткен районунда көп балалуу 70 энеге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти. Салтанатта 36 энеге "Баатыр эне" ордени, ал эми 34 энеге "Эне даңкы" медалы тапшырылды. Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева, Баткен районунун акиминин орун