Экология тармагына санарип башкаруунун жаңы ыкмалары киргизилет

Экология тармагына санарип башкаруунун жаңы ыкмалары киргизилет

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин демилгеси менен регионалдык башкармалыктардын адистери үчүн квалификацияны жогорулатууга багытталган масштабдуу окуу семинары башталды.

Министрликтин маалыматына ылайык, иш-чаранын негизги максаты — аймактардагы адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу, экологиялык көзөмөлдү санариптештирүү жана жаратылышты коргоо системасына заманбап башкаруу ыкмаларын киргизүү.

Катышуучулар мамлекеттик экологиялык экспертизаны жүргүзүү, калдыктар жана саркынды суулар боюнча ченемдик укуктук актыларды талдоо, ошондой эле автоматташтырылган маалыматтык системалар менен иштөө боюнча билим алышууда.

Мындан тышкары, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдаланууга уруксат берүү тартиби да каралууда.

Окутуу теориялык жана практикалык бөлүктөрдү камтып, катышуучулар реалдуу кейстер менен иштөө аркылуу санариптик көндүмдөрүн бекемдешет.

Министрлик бул демилге аймактардагы экологиялык көзөмөлдүн сапатын жогорулатууга жана өлкөдөгү экологиялык коопсуздукту камсыздоого өбөлгө болорун белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте жыл башынан бери 20 этникалык кыргыз кайрылман макамын алды

Бишкекте жыл башынан бери 20 этникалык кыргыз кайрылман макамын алды

Жыл башынан бери 20 этникалык кыргызга кайрылман күбөлүгү тапшырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган мекеме жарандарга "Тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздарга мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" мыйзамдын негизинде кайрылман макамын берген. Күбөлүктү алган этникалык кыргыздардын ичинен 12си Тажикстандан, алтоо Кытайдан,

Таласта мамлекеттик мекемелердин сырткы көрүнүшү жаңыланууда

Таласта мамлекеттик мекемелердин сырткы көрүнүшү жаңыланууда

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын утурлай Талас шаарында 70 көп кабаттуу үйдүн жана мамлекеттик мекемелердин сырткы көрүнүшүн оңдоо жана жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Талас шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул иштер президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде жүргүзүлүп, керектүү каражат Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн. Учурда оңдоо иштери пландын негизинде уланууда. Президенттин Талас

Кытайлык инвесторлор менен жаңы долбоорлор талкууланды

Кытайлык инвесторлор менен жаңы долбоорлор талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов China Construction Fifth Engineering Division Corp., Ltd. (CSCEC 5th Bureau) компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Улуттук агенттиктин маалыматына ылайык, тараптар компаниянын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн, учурда ишке ашырылып жаткан долбоорлордун жүрүшүн жана инвестициялык-инфраструктуралык кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Жолугушууда курулуш жана инфраструктура тармагына

Кыргызстан менен Орусия эмгек миграциясынын жаңы механизмдерин талкуулады

Кыргызстан менен Орусия эмгек миграциясынын жаңы механизмдерин талкуулады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде Кыргызстандын жетекчилиги менен Россия Федерациясынан келген өкүлчүлүктүү делегациянын жолугушуусу өттү. Министрликтин маалыматына ылайык, жолугушууда эмгек миграциясын жөнгө салуу, жарандарды кесиптик даярдоо, ошондой эле мигранттардын социалдык жана маданий адаптациясын камсыз кылуу маселелери талкууланды. Министрдин биринчи орун басары Камчыбек Досматов эки өлкөнү бекем достук жана стратегиялык